Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:13

Жылдызкан Жолдошева “Ата Журт” фракциясынын башчылыгынан алынды


Жылдызкан Жолдошева

Жылдызкан Жолдошева

Бул тууралуу чечим кабыл алынганын бүгүн “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынын депутаты Кантемир Мурзабеков билдирди. Анын айтымында, фракция "Жылдызкан Жолдошеванын лидер катары ыйгарым укуктарын токтотууну чечти".

Жаңы башчы шайланганча фракция башчысынын милдетин депутат Дастан Жумабеков аткарып турмай болду.

Жолдошеванын өзүнөн бул маселе боюнча комментарий алуу азырынча мүмкүн болгон жок. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG