Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Заур Дадаев кыйноого чыдабай Немцовду өлтүрдүм дегенин айтты


Заур Дадаев Москванын тергөө абагында. 8-март 2015
Заур Дадаев Москванын тергөө абагында. 8-март 2015

Орус оппозициячыл саясатчысы Борис Немцовду өлтүрдү деп шектелген Заур Дадаев айыпты мойунуна кыйноо астында алганын “Московский комсомолец” гезити маалымдады.

Чечен полициясынын мурдагы офицери Дадаевдин айтымында, тергөөчүлөр аны менен кошо кармалган кесиптештерин бошотобуз деп сөз бергенден кийин жана "Немцовду өлтүрдүм деп мойунуңа албасаң өлтүрөбүз" дешкенден улам алардын сөзүнө көнгөнгө аргасыз болгон деп жазды орусиялык гезит 11-мартта. Гезиттин кабарчысы Коомдук байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү менен чогуу Дадаев жана башка эки айыпталуучу отурган абак жайда болушкан.

Кеңештин мүчөсү Андрей Бабушкин “Дадаевдин кыйноого чыдабай күнөөнү өзүнө алганына ишенсе болорун”, анын денесинде көк ала издер бар экенин "Франс пресс" агенттигине айткан.

XS
SM
MD
LG