Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:47

Самара Токтакунованын көргөзмө-музейи ачылды


Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында залкар комузчу Самара Токтакунованын грим бөлмөсүндө анын көргөзмө-музейи ачылды. Филармониянын жетекчилиги демилгелеген музейге Токтакунованын өмүрүн, чыгармачылык жолун чагылдырган сүрөттөр жана ар мезгилде алган сыйлыктары коюлган.

СССР Эл артисти, Кыргызстан Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Самара Токтакунова Улуттук филармонияда 55 жыл эмгектенген. Быйыл комузчунун жетимиш жылдык мааракеси белгиленүүдө. (ZA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG