Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:10

"Сорос-Кыргызстандын" кызматкерлери экологиялык акция баштады


"Сорос-Кыргызстан" фондунун кызматкерлеринин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, алар өз кеңсесинде жана өздөрү уюштурган иш-чараларда пластик бөтөлкөлөрдү колдонуудан баш тартып, айнек идишке өткөн. Алар башка мекеме-уюмдарды да ушуга чакырууда.

Мындан тышкары аталган фонд кызматкерлери жарандарды жумушка машине менен эмес, велосипед менен келүүгө үндөп, демилгени өздөрү ишке ашыра баштамай болууда.

Экологдор соңку жылдары айрыкча шаарда унаа көбөйгөндүктөн жана полиэтилен баштыктарын, пластик идиштерин өрттөөдөн аба бузулуп, экологияга зыян келип жатканын эскертип келишет. (AzK)

XS
SM
MD
LG