Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:25

Пакистан өлүм жазасына мораторийди биротоло токтотту


Карачи түрмөсүндө дарга асылган адамдын сөөгүн алып чыгышууда. 13-январь, 2015

Карачи түрмөсүндө дарга асылган адамдын сөөгүн алып чыгышууда. 13-январь, 2015

10-марттан тарта мурда өлүм жазасына соттолгондор жана кечирим жөнүндөгү өтүнүчтөрү четке кагылган кылмышкерлер боюнча катаал өкүм аткарыларын Пакистандын Ички иштер министрлиги маалымдады.

Бир ай мурда террорчу деп айыпталгандарга жогорку жаза колдонула баштаган эле. Адам укугун коргоочулардын билдиришинче, азыр өлүм жазасына кесилген 8 миңден ашуун адам бар.

Мораторий 2014-жылы декабрда террорчулар Пешавардагы мектепке чабуул жасап, 150дөн көп адам, көпчүлүгү окуучулар апаат болгондон кийин токтотулган. Андан бери адам укугун коргоочулардын каршылыгына карабай 34 адам өлүмгө айдалган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG