Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Бишкекте дзюдо боюнча эл аралык мелдеш аяктады


Бишкекте дзюдо боюнча “Дордой” Ассоциациясынын кубогуна арналган эл аралык мелдеш аяктады. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук дзюдо федерациясынын башкы катчысы Азамат Исабеков билдирди. Анын айтымында, 9-марттан 11-мартка чейин Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан 300гө жакын спортчу келишкен.

Жеке эсепте кыз-келиндер арасында беш алтын Кыргызстан, эки алтын Казакстан курамасына ыйгарылды. Эркектер арасында беш салмакта кыргызстандык, эки салмакта казакстандык дзюдочулар чемпион болушту. Мелдештин акыркы күнү командалык таймаштарда Кыргызстандан төрт, Казакстандан бир командасы татамиде күч сынашты.

Жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курамасы жеңүүчү болуп башкы олжо саналган “Дордой” Ассоциациясынын кубогуна ээ болушту. “Дордой” Ассоциациясынын байгесине арналган эл аралык мелдеш быйыл экинчи жолу өткөрүлүп жатат.(ECh)

XS
SM
MD
LG