Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

ТИМ Кыргызстандын азыркы геосаясый айдыңдагы абалы тууралуу маалымат берет


Кыргыз ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен. Москва. 2014-жыл, сентябрь айы

Кыргыз ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен. Москва. 2014-жыл, сентябрь айы

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын азыркы дүйнөлүк геосаясый айдыңдагы абалы боюнча парламентте маалымат берет. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди парламентке чакырып, Кыргызстандын тышкы саясаты, анын геосаясый айдыӊда ээлеген орду тууралуу так маалымат алуу сунушун киргизген:

- Бүгүнкү күндө араб өлкөлөрүндөгү, Европадагы абал, Украинадагы чоң кризис, Европа өз санкциялары менен биздин стратегиялык өнөктөшүбүз Орусияга чоң чабуул жасап жатканда ЖККУнун абалы кандай деген суроолор бар. Ушундай абалда Кыргызстандын азыркы геосаясый айдыңдагы абалы тууралуу маалымат алышыбыз керек, - деди депутат Абдылдаев.

Төрага Асылбек Жээнбеков алгач маалымат профилдик комитетте берилерин, кийин зарыл болсо жалпы жыйынга чыгарыларын билдирди. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG