Линктер

шейшемби, 17-январь, 2017 Бишкек убактысы 09:02

Ош ички иштер башкармалынынын билдиришинче, Өзгөндө жакын туугандары зордуктады деген 14 жаштагы өспүрүм кыздын иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Кылмышка шектелип анын 65 жаштагы таятасы жана 36, 22 жаштагы эки таякеси камакка алынган. Ата-балдар үчөө тең тергөөдө күнөөлөрүн моюнга алган. Мындан тышкары экспертизанын жыйынтыгында кызды таенеси ысытылган депкир менен урганы да тастыкталган.

Ата-энеси кичинесинен ажырашып кетип, тайларынын колунда калган кыз 2010-жылдан бери зордукталып, кордук көрүп келгенин айткан. Бул окуя милицияга 2014-жылдын декабрь айында гана белгилүү болгон. Эс тартып калган кыз башынан өткөнүн чоң апаларынын бирине айтканда гана алар милицияга арыз менен кайрылган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG