Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20

«Интергласс» заводунун кызматкерлери иш таштады


Токмоктогу айнек чыгарган заводдо иштеген 1000ден ашык жумушчу 3 айдан бери айлык акы албай келгендерин айтып кечээтен бери жумушка чыкпай жатат. Заводдун жетекчилеринин айтымында, ушул тапта Орусиянын айнек заводдору чыгарган продукция арзан болгондуктан “Интергласс” атаандаштыкка туруштук бере албай жатат. Бирок жумушчулардын айлыгын төлөп берүү боюнча аракет жүрүп жатат.

Аталган завод Борбор Азияда айнек чыгарган ири ишкана болуп саналат. Соңку 2,5 жылдан бери аны немис ишкери иштетип келет. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG