Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Чоң-Алайда айрым ички жолдор жабык турат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда 11-март күнү калың жааган кардын жана бороондун кесепетинен ички чарбалык унаа жолдор жабылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин соңку маалыматы боюнча Чоң-Алай айыл аймагындагы Кулчу, Кара-Шыбак айылына, Жекенди айыл аймагынын Шиве, Чулук айылдарына баруучу ички чарабалык жолдор убактылуу жабык турат.

Окуя болгон жерде атайын техника иштеп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, адам өмүрүнө зыян тийген учурлар катталган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG