Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Нарында Баатыр энелердин эң жашы 28де


Ак элечек энелер
Ак элечек энелер

Нарын облусунда өткөн жылдын жыйынтыгы менен Баатыр эне наамына 292 аял, “Эне даңкы” төш белгисине 56 аял татыды. Алардын эң жашы 28де. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

2013-жылдын жыйынтыгы менен Нарын облусунда Баатыр эне наамына 949 эне татыса "Эне даңкы" төш белгиси менен 182 айым сыйланган.

Баатыр эне наамы жети же андан көп бала төрөп тарбиялаган, ал эми "Эне даңкы" төш белгиси алты балалуу энелерге ыйгарылат. Эреже боюнча көп балалуу энелердин кенжеси бир жаштан улуу болушу керек. Ошондой эле балдарынын бири сот жообуна тартылган энелерге наам ыйгарылбайт. (MiK)

XS
SM
MD
LG