Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

ИИМ: Бишкектин Жеке турак жай курулуш кызматкери пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Жеке турак жай курулуш департаментинин жооптуу кызматкерин опузалап пара алган деген шек менен кармашты.

ИИМдин маалыматына караганда шаар тургунунан арыз түшкөн. Ал департаменттин кызматкери жер маселеси боюнча соттун оң чечим чыгаруусуна таасир эткендиги үчүн 600 доллар пара талап кылгандыгын билдирген.

Милициянын айтымында, буга чейин департамент кызматкери бул акчанын 300 долларын алганга жетишкен жана калган бөлүгүн алып жаткан учурда колго түшүрүлдү. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси боюнча (пара талап кылуу) иш козголуп, тергөө башталды. (AzK)

XS
SM
MD
LG