Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Нарын ИИБ: Өспүрүм кызды зордуктаган киши беш маал намаз окуйт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, 12 жаштагы кызды зордуктаган деп шектелип жаткан 54 жаштагы жаран ал кыздын атасынын бир тууган иниси экени аныкталды. Кыздын апасы ал 1,5 жашында каза болуп калган. Атасы Нарын шаарында иштегендиктен кызын айылда турган инисине берип койгон.

Милициянын алдын ала маалыматында кыз бир топ убакыттан бери зордуктоого кабылып келаткан болушу мүмкүн.

Кылмышка шектүү киши беш баланын атасы жана беш маал намаз окуган адам экени айтылууда.

Ушул тапта окуя боюнча кылмыш иш козголуп, шектүү жаран Нарында тергөө абагына камалды. (MiK/AzK)

XS
SM
MD
LG