Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Оппозиция бийликке талап койду


Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

"Улуттук оппозициялык кыймыл" (УОК) уюму бийликке талаптарын атады. Уюмдун координатору Равшан Жээнбековдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда:

- Бийликтин тең салмактуулугун жандандырып, өкмөттү эгемен кылуу зарыл. Борбордук шайлоо комиссиясы бийликтин, оппозициянын жана жарандык коомдун көзөмөлү менен кайра түзүлүшү керек. Үчүнчү талап - жарандык комитет түзүү. Ал да оппозиция жана жарандык коомдун көзөмөлүндө болуусу зарыл.

Оппозиция өкүлдөрү өз талаптарын бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда айтты. Кыргызстандын калкын "жер-жерлерде коррупцияга, авторитардык башкарууга каршы жана электр энергиясынын арзандашы үчүн мыйзам чегинде нааразылык акцияларды уюштурууга" чакырды.

УОК мүчөсү Бектур Асановдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, 31-мартта Жалал-Абадда жалпы республикалык оппозициялык жыйын өтөт.

Бийлик өкүлдөрү азырынча комментарий бере элек. (KJ)

XS
SM
MD
LG