Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Оппозиция Жалал-Абадда курултай өткөрөт


УОК мүчөсү Бектур Асанов
УОК мүчөсү Бектур Асанов

Бул туурасында "Азаттыкка" "Улуттук оппозициялык кыймыл" уюмунун мүчөсү Бектур Асанов билдирди. Ал бийлик оппозициялык күчтөр жана эл менен сүйлөшүүгө барууга тийиш экенин айтып, мунасага келип, ортодо топтолгон маселелерди чечүү үчүн бийликке 1,5 ай убакыт бериле турганын белгиледи.

Бул аралыкта бийлик оппозиция менен сүйлөшүүгө олтуруп, шайлоого чейин БШКны кайра түзүп, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыз кылып, шайлоону көзөмөлдөй турган жарандык комитет түзүү сыяктуу үч маселени бирге карап чыгууну сунуштады.

Оппозициянын Жалал-Абаддагы курултайы 31-мартта өткөрүлгөнү жатат. (AzK\KJ)

XS
SM
MD
LG