Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Кошмо Штаттар украин өкмөтүнө 75 миллион доллар согуштук эмес аскерий жардам көрсөтө тургандыгын жана "кара тизмеге" дагы жаңы ысымдарды кошконун жарыялады. Жардам топтомунда рациялар, дрон, радар, түнкү дүрбү, чукул жардам пакеттери жана башка дары-дармек болот.

Ошондой эле 230 согуштук жүк ташыгыч унаа берилет.

АКШнын вице-президенти Жо Байдендин сөзү боюнча, ал бул тууралуу украин президенти Петро Порошенкого телефондон билдирди.

Кечээ Эл аралык валюта кору Украинага төрт жыл ичинде 17,5 миллиард доллар жардам көрсөтүүгө макул болгон эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG