Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Өзбек активисти ооруканага күч менен жаткырылды


Кесиптештеринин айтымында, укук коргоочу Алыкул Сарымсаков психиатриялык ооруканага жатууга мажбурланды. Өзбекстандын Адам укуктарын коргоо бирикмесинин мүчөсү, жизактык Алыкул Сарымсаков өткөн аптадан бери дайынсыз болуп жаткан эле.

Кесиптеши Шухрат Рустамов "Азаттыкка" аны Жизактагы ооруканага жаткырышканын билдирди.

Сарымсаков акыркы апталарда Ташкенттеги президенттик ак сарайдын алдындагы бир нече акцияга катышкан эле. Бирикме президент Каримовдун 29-марттагы шайлоого кайра катышуусуна каршы петиция жазган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG