Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Акыйкатчы: Сот адилеттигин камсыздоодо маселе бар


Акыйкатчы Бакыт Аманбаев бүгүн өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы боюнча жылдык докладында атуулдардын сот адилеттүүлүгүнө болгон укуктарын камсыз кылган мыйзамдар эл аралык нормага туура келбей турганын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексине “жарандардын үстүнөн козголгон кылмыш иш боюнча соттук териштирүүнүн жүргүзүлүшү акылга сыйган мөөнөттө бүтсүн” деген норма жок. Ушул себептен азыр убактылуу кармоочу жайларда жүздөгөн жарандар өздөрүнө карата козголгон кылмыш иш боюнча соттук териштирүү качан башталат же качан бүтөт деп 3 жылга чейин күткөн учурлар бар. Бул убакыт аралыгында айрымдары майып болуп калууда.

Акыйкатчынын маалыматында, 2014-жылдын 1-2-кварталдарында Кыргызстанда соттор 5381 иш боюнча баш коргоо чарана караган. Алардын 90 пайызында камакка алуу чечими чыгарылган.

Иликтей келгенде арасында соттук териштирүүнү 3-4 жылдап күткөндөр бар экени аныкталган. (AzK)

XS
SM
MD
LG