Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:27

Араванда мектеп окуучулары мушташты


Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Ош облустук жана шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, 9-март күнү Араван районунун Тепе-Коргон айыл аймагына караштуу Жаңы-Абад айылынын тургуну Узакбай Салиев үйүндө сүмөлөк жасап, уулунун классташ балдары чогулган. Кечке жуук аталган үйгө Араван районунун борборунан 3 машине менен 16 бала келип, ал жердеги балдар менен мушташа кеткен. Жыйынтыгында жергиликтүү айылдын 4, келгин балдардын экөө жеңил жараат алган. Алдын ала маалыматтарга караганда Араван районунан келген балдардын биринин ошол айылда сүйлөшкөн кызы болгон. Азырынча балдар арасында уруш эмнеден чыкканы такталып жатат жана факт боюнча кылмыш иш козголду.

Мушташ учурунда келгин балдардын арасынан бирөө ”Аллах Акбар” деп кыйкырган.

Сүйүн Өмүрзаковдун билдиришинче, сурак учурунда бул бала ал сөздү жөн эле айтып койгонун билдирген. Баланын өзү да, ата-энеси да диний уюмдарда каттоодо жок экени аныкталды. Балдардын дээрлик бардыгы 11-класстын окуучулары.

Айрым маалымат каражаттары мушташ диний көз караштан улам, “Нооруз майрамынын алдында сүмөлөк жасоо адаты мусулмандарда жок” деген талаштан, диний фанаттар менен сүмөлөк жасаган бүлөгө болушкандар арасында чыкканын жазып чыгышкан.

Соңку маалымат боюнча, окуянын 7 катышуучусу кармалды. (AzK)

XS
SM
MD
LG