Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Путин армян президенти менен телефондон сүйлөштү


Ооруп жатат деп айтылган Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Армениянын президенти Серж Саргсян менен телефондон сүйлөшкөнү Путиндин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Мунун алдында Путиндин маалымат катчысы президент оору деген каңшаарды четке каккан эле. Дмитрий Песков "Эхо Москвы" үналгысына «Путин куландан соо» деп билдирген.

Орус президенти бүгүн-эртең өтүүгө тийиш болгон Астанадагы казак, белорус президенттери менен жолугушууга барбай калган жана казак өкмөтүнүн өкүлү "Ройтерс" агенттигине «Путин ооруп калган окшойт» деп билдирген.

62 жаштагы Путинди эл акыркы жолу теледен 5-мартта Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен жолугушуусунда көргөн эле.

Бир нече күнгө кийинге калды делген Астанадагы жыйынга Саргсян чакырылбаган шекилдүү.

XS
SM
MD
LG