Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:05

Оппозиция бийликке чакырык таштады


Оппозициянын Бишкекте өткөргөн митинги. 10-апрель, 2014-жыл.
Оппозициянын Бишкекте өткөргөн митинги. 10-апрель, 2014-жыл.

Улуттук оппозициялык кыймыл бийликке өз ара мунасага келүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштады.

Оппозиция бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмакты сактоо жана шайлоонун акыйкат өтүшүн камсыздоого байланышкан үч негизги талапты атады. Бирок саясат талдоочулар арасында бийлик оппозицияны угуп, аны менен эсептешүү үчүн УОК таасирдүү күчкө айланууга тийиш деген көз караш үстөмдүк кылат. Алдыдагы парламенттик шайлоону утурлай оппозиция өзүнүн дымагын көргөзүп, бийликке карата мамилесин аныктады.

Улуттук оппозициялык кыймыл өлкөдөгү саясий туруктуулукту камсыздоо үчүн бийликке ачык-айкын шартта сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштады. Мында негизинен учурдагы президенттик институттун өкмөткө, парламентке жана сот бийлигине карата үстөмдүгүн чектөө демилгеси көтөрүлдү. Ошондой эле оппозиция Баш мыйзамда көрсөтүлгөн бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук жана бирин-бири көзөмөлдөөнү иш жүзүнө ашыруу жаатында бийликке чакырык таштады. Улуттук оппозициялык кыймылдын координатору Равшан Жээнбеков бул үч талаптын алкагында саясий диалог жүргүзүүнүн маанисин белгиледи:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

- Эгерде ушул бойдон кете турган болсок, Кыргызстанда таза шайлоо өтпөйт. Биринчиден, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун жандандыруу жана өкмөттүн өз алдынчалыгын камсыздоо керек. Президент гана шайлоону көзөмөлдөгөнү туура эмес. Анте турган болсо, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы мурдагы шайлоолордогудай эле бурмаланып, нааразылык чыгат. Учурдагы БШК төрагасы жана анын толук курамы – бул президент Атамбаевдин кол балдары. Ошондуктан экинчи талап катары БШК курамы жаңыланууга тийиш. Ага бийликтин, оппозициянын жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирсин. Анан дагы үчүнчүдөн, шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо үчүн жарандык комитет түзүлүп, ага дагы мына ошол үч тараптан бирдей өкүлдөр кирсин. Мына ушуга ынаса, биз бийлик менен сүйлөшүүгө даярбыз.

Бул оппозициялык кыймыл өзүнүн катары жаш муундун өкүлдөрү менен жаңыланганын жарыялап, иштелип чыккан программанын негизги тезистери менен макул болгон саясий күчтөр менен кызматташууга даярдыгын билдирди. Ошондой эле саясий кыймылдын жетекчилиги өлкө өткөн он жыл ичинде эки ыңкылапты баштан кечиргени менен анын жеңиши уурдалып, карапайым элдин мүдөөсү канааттандырылган жок деп эсептейт. Мына ошондуктан Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлеринин бири Кубанычбек Кадыров өзүнүн мурдагы саясий үзөңгүлөштөрүнө карата бериле турган суроолор топтолуп кеткенине токтолду:

- Мен Атамбаев менен бирге бакиевчилерге каршы оппозицияда жүргөн кезде, ал бийликке келсе энергетика тармагындагы ширшовдук схеманы талкалайм деп убада берген. Бирок тармактагы ошол эле схема азыр кайра уланып жатпайбы. Коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы эмне болду? Аны ооздуктоо болуп жатабы? Ким ишенет? Мына ушуга окшогон толтура суроолор көбөйүп кетти.

Камчыбек Ташиев бийлик менен сүйлөшүп алды деген негизде УОКтун курамынан чыгарылган.
Камчыбек Ташиев бийлик менен сүйлөшүп алды деген негизде УОКтун курамынан чыгарылган.

Улуттук оппозициялык кыймыл мындан эки жарым жыл илгери түзүлүп, анын курамына Камчыбек Ташиев, Мелис Мырзакматов, Акматбек Келдибеков сыяктуу саясатчылар кирген. Бирок бийлик менен жең ичинен сүйлөшүп алды деген негизде Ташиев анын курамынан чыгарылган. Калган эки саясатчынын бирине издөө жарыяланса, экинчиси коррупцияга айыпталып, учурда иши сотто каралууда. Мындай жагдайда оппозиция баш көтөрүп, бийликке талап коюп, аны сүйлөшүү үстөлүнө отургузууга дарамети жетеби деген суроо турат. “Эл үнү” деген башка бир оппозициялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров оппозициялык лагердин дараметин мындайча мүнөздөгөн болчу:

- Мына мен жыйырма беш жылдан бери оппозицияда жүрөм. Бирок оппозиция азыркы учурдагыдай деңгээлде эч качан алсыз болгон эмес. Азыркы оппозиция жалпы улуттук деңгээлге өсүп жете элек. Оппозиция шайлоого чейин күчүнө кире албайт. Анан эми бийлик бир же бир нече партиянын айланасында өзүнүн күчүн өтө тез топтой алат экен. Ар бир саясатчынын өз алдынчалыгы жана кызыкчылыгы алдыда турган соң оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирүү бир топ кыйыныраак.

Улуттук оппозициялык кыймыл келе жаткан 31-мартта Жалал-Абадда саясий күчтөрдүн республикалык курултайы уюштуруларын жарыялады. Анда негизинен өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал талкууга алынып, оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирүү маселеси аныкталары айтылды. Бирок КСДП фракциясынан депутат Абдыманап Кутушев “Азаттыкка” өлкөдө бийликке карата нааразычылык маанай жок экенин айтып, коомчулукту азыр саясатка караганда социалдык-экономикалык көйгөйлөр көбүрөөк түйшөлтүп жатканын айткан болчу.

XS
SM
MD
LG