Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Иракта аскерлер Тикритти дээрлик ээлегени айтылууда


Тикрит шаарын ээлеген шиит аскерлери. 12-март, Ирак.
Тикрит шаарын ээлеген шиит аскерлери. 12-март, Ирак.

Өкмөттүк аскерлер "Ислам мамлекети" тобунун экстремисттерин шаардын ортосунда курчоого ала баштаганы кабарланды.

Маалыматтарга ылайык, аскерлер менен катар, артиллерия, учак, тикчумалар жандаган шиит согушкерлери Тикриттин түндүк, түштүк, батыш оодандарын алууга жетишти. Шиит согушкерлеринин кол башчысы Моен ал-Кадхими СNN телеканалына 11 күндөн берки чабуулда шаардын 75 пайыздан ашыгы өкмөттүн көзөмөлүнө өткөндүгүн билдирди. Ал шаардын калган аймагы "Ислам мамлекети" тобунун 150 согушкеринин колунда турат деди.

XS
SM
MD
LG