Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

Түркмөнстанда жыйналууга уруксат берген мыйзам кабыл алынды


Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов 1-июндан баштап айрым топторго «тынчтык» мүнөздөгү жыйын өткөрүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду.

"Золотой Век" сайтынын жазышынча, жаңы мыйзамда массалык иш-чараларды уюштурууга жоопкерчиликти өзүнө алган Түркмөнстандын жарандары, партиялар, социалдык топтор жана диний уюмдар массалык жыйын уюштура алары айтылат. Ага ылайык, жыйын өкмөттүк имараттардан аз дегенде 200 метр алыс аралыкта өтүшү керек. Мыйзамда жыйындардын жеке адамдар же чет өлкөлүк өкмөттөр аркылуу каржыланышына уруксат берилбейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG