Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Украина насыя акчанын алгачкы траншын бүгүн алат


Эл аралык валюта кору тарабынан берилүүчү 17,5 млрд. доллардын 5 миллиарды 13-марттан кечиктирилбей берилүүсү күтүлүп жатканын украин каржы министри Натали Яреско маалымдады.

Ал кечээ журналисттерге билдиргендей, бул акчанын 2,2 млрд. доллары украин валютасы – гривенди турукташтырууга жумшалат. Калганы өкмөткө берилет. Министр жыл аягына чейин 3 300 мамлекеттик ишкана менчикке чыгарыларын маалымдап, Киев тышкы карыздарын реструктуризациялоо боюнча кредиторлор менен сүйлөшүүлөрдү баштай турганын да кошумчалады.

Эл аралык валюта фондунун башкаруу кеңеши Украинага 17,5 млрд. доллар берүү тууралуу чечимди 11-мартта кабыл алган. Бул төрт жылдык жардам программасынын алкагында болот жана банкрот чегинде турган Украинага бир жыл ичинде берилген экинчи жардам болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG