Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Вакцинанын кечеңдеши мал ылаңына себеп болууда


Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынан башчысы Жалил Алымкулов билдирди. Анын айтымында облуста болгон мал жандык март-апрель айында шарп жана кара сан ылаңдарын алдын алуу максатында толук эмдөөдөн өтүшү керек. Бирок Айыл чарба министрлиги эмдөөгө тендер жарыялабагандыктан азыр бул иш кайра аталган инспекцияга жүктөлгөн. Ал тендер жакында гана жарыялана баштаганын айтат.

Маалыматка ылайык Нарын облусунда 200 миң баштан ашык бодо мал, 1 млн башка майда жандык бар. Мыйзамга ылайык облустагы болгон мал жандыкты милдеттүү түрдө ветеринардык инспекция эмдөөдөн өткөрүшү керек. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG