Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

Бишкекте ЖӨБгө арналган жыйын өтөт


Бүгүн Бишкекте мамлекеттик бийлик бутактарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жарандардын кызматташтыгын чыңдоого арналган жыйын болот. Жыйынга өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, өкмөт мүчөлөрү, жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик башчылары, донордук жана жарандык коом өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышат.

Уюштуруучулардын белгилешинче, жыйында мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жарандык коом жана ишкерликтин күчтөрүн бириктирүү менен башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу, коррупцияга каршы күрөшүү жана башка маселелер боюнча талкуулар болот. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG