Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Дүйнөлүк банк мигранттарга жумуш ордун түзүүгө көмөктөшөт


Дүйнөлүк банк Кыргызстанга кайтып келген мигранттарды жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө даяр. Бул тууралуу 12-мартта тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Дүйнөлүк банктын аймактагы өкүлү Сарож Кумар Жа жолугушкан учурда айтылды.

ТИМдин маалымдоосу боюнча Сарож Кумар Жа Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргызстанга салынуучу инвестициялык долбоорлор тууралуу кеп кылып жатып мекенине кайтып келген мигранттарды иш орду менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле Борбор Азиядан Түштүк Азияга электр энергиясын сатуу, тагыраак айтканда Кыргызстан - Тажикстан - Ооганстан - Пакистан үчүн аймактык электр энергия базарын куруу тууралуу кыргыз өкмөтүнүн аракетин колдоору айтылды.

Такталбаган маалыматтар боюнча Кыргызстандын сыртта жүргөн эмгек мигранттарынын саны миллиондон ашуун. Алардын көпчүлүк бөлүгү Орусия жана Казакстанда. Акыркы убактарда Түркия, Түштүк Корея, Европа өлкөлөрүндө жана АКШда иштеп жүргөн мигранттардын саны өскөнү кабарланууда. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG