Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Балдарды мектепке даярдоо программасы башталды


Ош облусундагы орто мектептердин биринде
Ош облусундагы орто мектептердин биринде

Билим берүү жана илим министрлиги аталган программа 2-марттан тарта ишке киргенин кабарлады. Ага ылайык, жашы жеткен балдарды мектепке даярдоочу 240 сааттык программа өлкөдөгү бардык мектептерде жүргүзүлүүдө.

Бул үчүн мектептерде тиешелүү шарттар түзүлгөн. Усулдук жана дидактикалык материалдар, баланын интеллектин өстүрүүчү оюнчуктар, логикалык, математикалык ой жүгүртүүсүнө жана жазууну үйрөнүүсүнө керектүү бардык тиешелүү жабдыктар менен камсыз болгон деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда жыл сайын орто эсеп менен жүз миң бала 1-класска кирет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG