Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда бир саат мурда кырсыктан эки киши набыт кетти.

Бишкек шаардык Тез жардам кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, 9:52де 6-кабаттан кулап түшкөн эки киши тууралуу кабар келген. Догдурлар кырсык болгон жерге барганда 35 жана 36 жаштагы эки киши набыт болгонун аныкташкан.

Алдын ала маалыматка караганда, имараттын лифтинде оңдоо иштери жүрүп жаткан. Каза тапкан эки жаран лифттин шахтасына 6-кабаттан кулап түшкөн. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG