Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Журналист Сартбаев үй камагына чыгарылды


Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Сартбаевди эки айга убактылуу камоо тууралуу Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен анын адвокаты Бишкек шаар сотуна кайрылган.

“Азия Ньюс" гезитинин редактору, бир катар чуулгандуу макалалары менен белгилүү болгон журналист Аслан Сартбаев 26-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Ага “Ээнбаштык” деген берене боюнча айып тагылган.

Аслан Сартбаевдин үстүнөн “ок чыгарды” деп арыз жазган Самсалы Четинбаев кайра тосмо арыз жазганына карабай, журналисттин камакта калып жатышын адвокаты Азиз Турдалиев бийликтен “атайын жасалган буйрутма” деп атаган. (AzK\EBM)

XS
SM
MD
LG