Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

"Айчүрөктөгү" кырсыктан мерт кеткен эки жарандын аты-жөнү такталды


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казыбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, каза тапкан куруучулардын ким экени аныкталды. Алар - Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган 36 жаштагы Кубаныч Эстебесов жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган 35 жаштагы Алтынбек Алиев.

Маркумдардын сөөгү моргго жөнөтүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Окуя болгон жерде шаардын Свердлов райондук милициясы иштеп жатат.

Бүгүн Бишкектин Тез жардам кызматына 9:52де 6-кабаттан кулап түшкөн эки киши тууралуу кабар келген. Догдурлар кырсык болгон жерге барганда 35 жана 36 жаштагы эки киши набыт болгонун аныкталган.

Алдын ала маалыматка караганда, имараттын лифтинде оңдоо иштери жүрүп жаткан. Лифттин кабинасы ичиндеги эки кишиси менен шахтага 6-кабаттан кулап түшкөн. (AzK\TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG