Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Орусия чыккынчы деп айыптаган жаранынын кылмыш ишин токтотту


Светлана Давыдова кичүү балдары менен
Светлана Давыдова кичүү балдары менен

Орусияда мамлекетке чыккынчылык кылды деп шектелип жаткан көп балалуу эне Светлана Давыдовага карата козголгон кылмыш иш токтотулду. Бул тууралуу анын адвокаты Иван Павлов билдирди. Жактоочунун айтымында, Давыдованын күнөөсү жок экени аныкталды.

36 жаштагы Давыдованын жети баласы, анын ичинде эмчектеги үч айлык ымыркайы бар. Аны орус бийлиги мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен 21-январда убактылуу камакка алган. Интернетте он миңдеген адам кол топтоп, президент Путинге кат жолдоп, көп балалуу энени абактан чыгарууга чакырганда гана ал камактан чыгарылган.

Орусиянын тергөө органдарынын божомолунда, Давыдова былтыр апрелде Украинанын элчилигине чалып, анын үйүнөн алыс эмес жайгашкан аскер бөлүктүн жоокерлери Донбасска жөнөтүлгөн болушу мүмкүндүгүн кабарлаган.

Ал күнөөлүү деп табылса, 20 жылга чейин түрмөгө кесилмек. (RK)

XS
SM
MD
LG