Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Казанда өрт кырсыгынан каза тапкандардын саны 14кө жетти


"Адмирал" соода борборунда куткаруу иштери уланууда
"Адмирал" соода борборунда куткаруу иштери уланууда

Орусиянын Казан шаарында өрт кырсыгынан каза тапкандардын саны 14кө жеткенин куткаруучулар кабарлады. Алардын сегизинин ким экени аныкталды.

11-мартта Татарстандын борбору Казандагы "Адмирал" соода борборунда өрт чыккан. Мерт кеткендердин арасында кыргызстандык келин, 1977-жылы Өзгөндө туулган Үмүт Ташмаматова бар экени кечээ аныкталган. Ал Орусиянын жарандыгын алган. Маркумдун сөөгүн куткаруучулар урандынын астынан алып чыгышкан. Соңку кабарлар боюнча уранды астында дагы адамдар калууда.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында өрт соода борборунун биринчи кабатында тутанып, өтө тездик менен жайылып кеткен. Куткаруучулар 250 кызматкерди жана 400 кардарды алып чыгып кетүүгө үлгүргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG