Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:07

Операциядан кийин турбай калган жарандын туугандары бийликке кайрылды


Бишкектеги Кыргыз-Орус (Славян) университетинин алдындагы медициналык клиникада 20-февралда операциядан кийин өзүнө келбей каза тапкан 34 жаштагы Эдил Ногойбаевдин жакындары адилеттик издеп бийлик өкүлдөрүнө, коомчулукка кайрылды.

Маркумдун бир тууган карындашы Асел Ногойбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, агасы мойунунда пайда болгон шишикти алдыруу үчүн өткөн жылдын ноябрь айынан бери тийиштүү анализдерди тапшырып, операцияга эч кандай каршы көрсөтмө болгон эмес.

Асел Ногойбаеванын айтымында алар жеңил эле операциядан кийин ойгонбой калуусуна эмне себеп болгонун билгиси келет. Мындан улам алар туура экспертиза жүргүзүп, окуянын объективдүү иликтенишин талап кылууда.

Саламаттыкты сактоо министрлиги өз иликтөөсүн жүргүзүп жатканын билдирди.

Эдил Ногойбаевдин аркасында 3 баласы калды. (AzK\SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG