Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Орусияда кыргыз мигранттарынын саны бир айда 56 миңге кыскарды


Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны бир ай ичинде дээрлик 57 миңге кыскарды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Орус Федералдык миграция кызматынын расмий маалыматы боюнча февраль айында кыргызстандык мигранттардын жалпы саны 56 828 адамга кыскарып, бүгүнкү күндө 483 миң адамды түзүүдө. Миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн Орусияга кирүү укугунан ажырагандардын саны 77 миң адам.

Бейрасмий маалыматтар боюнча Орусиядагы кыргыз мигранттарынын саны 600 миңден ашат. (RK)

XS
SM
MD
LG