Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Сотто Келдибековдун адвокаттарынын өтүнүчү каралууда


Бүгүн Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун ишин кыскартуу тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн карап жатат. Келдибековдун жактоочулары ал Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда коррупцияга жол берген деген кылмыш иштин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу аны кыскартуу тууралуу сотко өтүнүч келтирген.

10-мартка белгилеген сот жараяны Соцфонддо Келдибековдун орун басары болуп иштеген Аманалиеванын адвокаты келбей калганына байланыштуу бүгүнкү күнгө жылдырылган эле.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып 2013-жылдын күзүндө камалган.

2014-жылдын августунда соттун уруксаты менен чет өлкөгө дарыланууга кетип, Кыргызстанга 10-февралда кайтып келген. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG