Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

“Айчүрөктөгү” кырсык боюнча комиссия түзүлдү


Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз катчысы Анарбек Авазовдун “Азаттыкка” билдиришинче, кырсыктын себептерин иликтөө үчүн инспекциянын, соода борборунун жана “Байсал Курулуш” компаниясынын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлдү. Ал ишин дүйшөмбү күнү баштайт.

Авазовдун айтымында, соода борборунда реконструкция жүргүзүлүп, бул үчүн лифттердин эскиси алынып, жаңысын коюу үчүн орун даярдалып жаткан. Каза тапкан эки жаран ал жерде ширетүүчү болуп иштеп жаткан. Алар лифттин ордунда убактылуу ортонулган кол менен башкарылуучу асма көтөргүч менен ылдый түшүп бара жатканда колундагы газ баллон түшүп кеткен.

Жумушчулар 3-кабатка жеткенде баллондун аркасынан кошо кулап кетишкен.

Анарбек Авазов мындан улам бул окуя боюнча “Байсал Курулуш” компаниясы "башы менен жооп бериши керектигин" билдирди.

Бүгүн “Айчүрөк” соода борборундагы өндүрүштүк кырсык эки жумушчунун өмүрүн алды. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG