Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

Сот Келдибеков боюнча өтүнүчтү канааттандырган жок


Акматбек Келдибеков сот залында. 2014-жыл

Акматбек Келдибеков сот залында. 2014-жыл

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн Келдибековдун жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырбай койду.

Ага чейин мамлекеттик айыптоо Келдибеков Социалдык фондду башкарып тургандагы учур боюнча козголгон кылмыш ишти мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу соттук териштирүүсүз эле кыскартуу боюнча өтүнүчкө каршылык билдирип чыккан болчу.

Башкы прокуратуранын эсебинде, Жогорку Кеңеш депутаты, мурдагы төрага Акматбек Келдибеков 2002-жылы Социалдык фондду башкарып турган кезде коррупциялык схема түзүү аркылуу мамлекетке 24 миллион 300 миң сом зыян келтирген.

Келдибеков өзүнө карата айыптарды негизсиз деп атап келет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG