Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Мамлекеттик айыптоо Келдибеков боюнча өтүнүчкө каршы чыкты


Бул тууралуу Башкы прокуратура бир аз мурда кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, Келдибековдун адвокаттарынын ага каршы козголгон кылмыш иштен ал Социалдык фондду башкарып тургандагы учур боюнча эпизодду мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу соттук териштирүүсүз эле кыскартуу өтүнүчүнө мамлекеттик айыптоо бүгүнкү отурумда каршылык билдирди.

Башкы прокуратура түшүндүргөндөй, учурдагы мыйзамдар жана Конституциялык палатанын чечимине ылайык, кылмыш иш мөөнөтү өткөнүнөн улам кыскартылардан мурда кылмыш фактысы жана аны жасагандар аныкталуусу, соттук процедуралардын баары аткарылуусу керек.

Иштин кыскартылышы кылмыш жоопкерчилигин карабаганы менен ал адам күнөөсүн моюнга алганын күбөлөндүрөт.

Башкы прокуратуранын эсебинде, Жогорку Кеңеш депутаты, мурдагы төрага Акматбек Келдибеков 2002-жылы Социалдык фондду башкарып турган кезинде коррупциялык схема түзүү аркылуу мамлекетке 24 миллион 300 миң сом зыян келтирген.

Келдибеков өзүнө коюлган бул жана башка айыптарды четке кагып жүрөт. (UE)

XS
SM
MD
LG