Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

Майлуу-Сууда аскердин өлүмү териштирилүүдө


Майлуу-Суудагы №30295 аскер бөлүгүндө 21 жаштагы аскердин өлүмү иликтенүүдө. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашкандай, бүгүн түштөн кийин аталган бөлүктөгү аскерлердин бири эс учу жок жаткан жеринен табылган. Аны өзүнө келтирүү аракетинен майнап чыккан эмес.

Каза тапкан 21 жаштагы жаран аскерге Баткендин Кадамжайынан чакырылган.

Окуяга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. (RK)

XS
SM
MD
LG