Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:48

Тажикстандык эки активист узак мөөнөткө абакка кесилди


Дүйшөмбү соту президент Эмомали Рахмондун кадыр-баркына шек келтиргени жана өлкөдө тыюу салынган “Группа 24” кыймылына мүчө болгону үчүн Фирдавс Мухиддинов жана Фарход Каримовду 16,5 жылга кести.

Ишти караган судьянын айтымында, алар төрт берене боюнча күнөөлүү деп табылды. Каримов өткөн жылы камакка алынган. Полиция анын үйүн тинтүү маалында, компьютеринен президент Рахмонду шылдыңдаган сүрөттөрдү тапканын айткан. Ал эми Мухиддинов болсо былтыр 15-декабрда кармалган. Ал Орусияда иштеп жүргөн кезинде өлкөнүн мыйзамдуу бийлигин кулатуу үчүн ар кыл жыйындарды уюштурган деп айыпталды.

Абакка кесилген эки адам тең “Группа 24” кыймылына тиешеси жок экенин айтып, негизсиз куугунтукка кабылганын билдиришүүдө.

Бул кыймыл Тажикстанда экстремисттик деп табылган. Анын негиздөөчүсү, тажик оппозиционери Умарали Кувватов өткөн аптада Стамбулда киши колдуу болгон эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG