Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Өкмөттүк аскерлер Тикритти согушкерлерден тазалоодо


Ирак күчтөрү Тикриттин борбордук райондорун “Ислам мамлекети” тобунан тазалап жатат. Кечээ аскерлер менен катар, артиллерия, учак, тикчумалар жандаган шиит согушкерлери Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейн туулуп-өскөн бул шаардын түндүк, түштүк, батыш оодандарын алууга жетишкен эле. Шиит аскерлеринин кол башчылары операция ийгиликтүү жүрүп жатканын кабарлашты.

Согушкерлер сегиз айдан бери ээлеп турган Тикритти бошотуу боюнча операция он эки күндөн бери уланып жатат. Ирактын согуш учактары коштогон операцияга 30 миңдей аскер тартылган. Аскер башчылары өкмөт күчтөрү акырындык менен алгалап бараткандыгын, жылышка жолдо орнотулган бомбалар жана көзгө атарлар жолтоо болуп жаткандыгын айтышууда. Эгер аскерлер бул шаарга көзөмөл орнотсо, согушкерлер ээлеп турган Мосул шаарына операция кылууга мүмкүнчүлүк алат.

XS
SM
MD
LG