Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:57

Навальныйды абакка камоо өтүнүчү келтирилди


Навальный жаза мөөнөтүн өтөп, камактан чыгып келатат. 6-март, 2015-жыл. Москва.

Навальный жаза мөөнөтүн өтөп, камактан чыгып келатат. 6-март, 2015-жыл. Москва.

Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы Москванын Люблин сотуна кайрылып, оппозиционер Алексей Навальныйдын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранды. Мекеме соттон шарттуу кесилген Навальныйдын жазасын абакка которууну өтүнүүдө. Буга "саясатчынын мыйзам талаптарын сактабай, тартип бузганы себеп болду" деп түшүндүрүлүүдө.

Навальный өткөн ай соңунда Москванын метро станциясында 1-мартта өтчү оппозициянын жүрүшүнө чакырган баракчаларды таратып жүргөн жеринен кармалып, 15 сутка административдик жазага кесилген. Ал бул жазаны өтөп чыкты.

Навальный 2013-жылы "Кировлес" ишканасынын каражатын өз кызыкчылыгына пайдаланган деп беш жылга шарттуу камалган. Ал эми былтыр 30-декабрда саясатчы башка иш боюнча үч жарым жылга шарттуу, иниси Олег да ушул эле мөөнөткө түрмөгө кесилген эле. Орусиянын прокуратурасы бир тууган Навальныйларды “Ив Роше” деп аталган компаниядан 31 миллион рубль ( 520 000 АКШ доллары) уурдап, ал акчанын бир бөлүгүн адалдаштырган деп айыптаган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG