Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

Жон Керри Жакынкы Чыгыш лидерлери менен жолукту


АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Египеттин Шарм-аль-Шейх шаарында бул өлкөнүн президенти Абдел Фаттах ас-Сиси, Иордан падышасы Абдалла жана Палестинанын лидери Махмуд Аббас менен жолукту. Бул шаарда инвестициялык конференция өтүүдө.

Египет президенти менен жолугушууда АКШ баштаган коалициянын “Ислам мамлекети” тобуна каршы аракеттери тууралуу сөз болду. Ошондой эле Жакынкы Чыгышка тынчтык орнотуу планы да талкууланды.

Бул жолугушуулар Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы алдында өтүүдө.

АКШ баштаган дүйнөнүн алты ири өлкөсү Иранды өзөктүк программасын сырткы көзөмөл астында чектөөгө көндүрүп келет. Иран мындай шартка макул болсо, Батыш ага каршы киргизилген экономикалык санкцияларды кыскартат.

Бирок Жакынкы Чыгыштагы айрым өлкөлөр Ирандын өзөктүк куралга ээ болуп, аймактагы таасирин күчөтөт деп чочулашат.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зарифтин кезектеги жолугушуусу 15-мартта Швейцарияда мерчемделген.

XS
SM
MD
LG