Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Нарында кутурмага байланыштуу беш адам эмдөө алып жатат


Адистер буга чейин кутурма көбүнчө ит аркылуу жугарын айтып келген.
Адистер буга чейин кутурма көбүнчө ит аркылуу жугарын айтып келген.

Нарын облусунда кутурма оорусун жуктуруп алышы мүмкүн деген шек менен 11 адамга эмдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Дарыланып жаткандардын алтоо Ак-Сай өрөөнүнүн, бешөө Кара-Суу айыл аймагынын тургундары.

Апта башында аталган аймактарда бир бука, бир козу жана бир эчки кутурмага кабылганы аныкталган. Нарын облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы оору тоодо жүргөн малды түлкү тиштегенден улам жукканын билдирген.

Учурда маал ээлеринен сырткары, башка мал-жандык да текшерүүдөн өтүп жатат жана жолбун иттерди атуу иши жүрүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG