Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:24

ЖӨБ чөйрөсүндөгү актуалдуу көйгөйлөр талкууланууда


Конференциядан бир көрүнүш

Конференциядан бир көрүнүш

Ушул күндөрү Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы көйгөйлөргө жана мамлекеттик органдар менен кызматташуусуна арналган эл аралык конференция өтүп жатат. Бүгүн конференциянын экинчи күнүндө жарандардын бюджеттик процесске катышуусу, ички ресурстарды натыйжалуу пайдалануусу жана прокуратура, Эсептөө палатасы тарабынан текшерүүлөрдүн көп жана негизсиз болуп жатышы талкууланууда.

ЖӨБ органдары ишкерлерди текшерүү мыйзамдар менен жөнгө салынып калгандан бери көзөмөлдөөчү органдар айыл өкмөттөрдү "бастырып кирип", биринин артынан бири текшерип, убактыларын алып жатканын айтышууда. Айыл өкмөттөрү текшерүүлөрдү тартипке келтирүүнү, башаламан, жүйөсүз текшерүүлөргө бөгөт коюуну өтүнүп жатышат.

Бүгүн конференцияда экономика министри Темир Сариев сөз сүйлөп, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролуна токтолду. Сариев жергиликтүү калктын каршылыгынан улам өлкөгө келчү инвестициялар азайып, бул экономикага терс таасирин тийгизгенин белгиледи.

"Инвесторлор менен бардык талаштуу маселелерди чечүүнүн жалгыз жолу – бул мамлекеттик органдардын көмөгү менен мыйзамдардын алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү", - деп белгиледи Сариев.

“Мамлекеттик бийлик бутактарынын, ЖӨБ органдарынын жана жарандардын биригүүсү жана натыйжалуу өз ара аракети: ресурстар, натыйжалуулук, ишеним” аттуу эл аралык конференция кечээ башталган. Ага Польша, Латвия, Орусия, АКШдан келген эксперттер, айыл өкмөт башчылары, прокуратура, Эсептөө палатасы, Экономика министрлиги өңдүү мамлекеттик органдар катышууда. Иш-чараны Жогорку Кеңеш менен Өнүктүрүү саясат институту биргелешип уюштурууда. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG