Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:31

“Дайынсыз” Путиндин Лебедев менен жолугушуусу көрсөтүлдү


Владимир Путин 5-марттан бери коомчулукка көрүнө элек.

Владимир Путин 5-марттан бери коомчулукка көрүнө элек.

Орусиянын "Россия-24" мамлекеттик телеканалында 13-март күнү президент Владимир Путиндин Жогорку Соттун төрагасы Вячеслав Лебедев менен жолугушкан учуру көрсөтүлдү. РБК агенттиги Кремлдин басма сөз кызматына таянып билдиргенине караганда, Путин менен Лебедев 8-мартта жана 11-мартта жолугушкан. Эфирден көрсөтүлгөн тасма ошондо жазылган.

62 жаштагы Путин 5-марттан бери коомчулукка көрүнө элек. Анын 12-13-март күндөрү Казакстанга пландалган расмий сапары да токтотулган. Коомчулукта Путиндин ден соолугу жайында эместиги тууралуу имиш тараган. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков анын абалы жайында экенин, мындай имиштерге негиз жоктугун бир канча ирет айткан.

Владимир Путин кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен 16-мартта Санкт-Петербургда жолугары тууралуу Кремл бейшембиде кабарлаган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG