Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Аба ырайы: кар жаайт


Март ортолоп калганы менен Кыргызстанга жаз толук келе элек.
Март ортолоп калганы менен Кыргызстанга жаз толук келе элек.

15-март күнү түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда кар жаайт. Күндүз дээрлик көпчүлүк аймактарда кар аралаш жамгыр жаашы, тоолуу райондорго кар түшөрү күтүлүп жатат. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз -1...+4;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз -2...+3;

Баткен облусунда -4...+1, күндүз 0...5;

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 1...6;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз -4...+1;

Нарында түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...-7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21...-26, күндүз -8...-13 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз кар аралаш жамгыр жаашы күтүлөт. Түнкүсүн 0…2, күндүз 2...4 градус болот.

XS
SM
MD
LG