Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Порошенко тынчтык келишими көзөмөлдөнүп жатканын билдирди


Петр Порошенко.
Петр Порошенко.

Украина президенти Петро Порошенко өлкө чыгышында ок атууну токтотуу боюнча келишимдин аткарылышы көзөмөлдөнүп жатканы тууралуу билдирди.

13-март күнү 1+1 телеканалы аркылуу баяндама жасаган Порошенко:

- Бир канча күндөн бери биздин аскерлерибиз арасында курман болгондор катталган жок. Бул келишимдин акырындап аткарыла баштаганынын белгиси,- деди.

Бир ай мурда Минск шаарында Украина, Орусия, Франция жана Германия лидерлери жолугуп, Украинанын чыгышындагы согушту токтотуу боюнча келишимге кол коюшкан.

Порошенко телевидение аркылуу сүйлөп жатып, эгер орусиячыл жикчилдер келишимди бузуп, согуштук аракеттерди баштаса, Киев да карап отурбай турганын, Европанын 11 мамлекетинен курал сатып алуу боюнча макулдашууларга кол коюлганын эскертти.

Порошенко баяндама жасап жатканы учурда жикчилдер тарабынан Пески айылында ок атылганын УНИАН агенттиги кабарлады. Ошондой эле Мариупол шаарына жакын Широкино конушуна да жикчилдер чабуул койгону тууралуу жазылды. Ал эми Орусиянын маалымат булактары Широкино шаарында Украина күчтөрү ок чыгарганы тууралуу маалымдады.

XS
SM
MD
LG