Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

Ысык-Көлдөгү Түп районунун Түп айылдык кеңешинин төрагасы Бактияр Иманбеков өзүнө тагылып жаткан айып тууралуу кабардар эместигин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул боюнча расмий органдардан эч кандай кагаз келген эмес. Тергөөчөлөр да суракка алган жок.

13-март күнү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Түп районунда айылдык кеңештин башчысы жемкорлукка шектелип жатканын кабарлаган. Маалыматта ал 2013-жылы Бишкекте жогорку окуу жайында окуган уулунун келишим акысын айылдын казынасынан төлөп берген деп айтылат.

Бактияр Иманбеков бул каражатты айылдык кеңеш жылыга куткаруучуларды даярдоо боюнча курсуна барчуларга бөлүп берерин, өткөн жылы бул тизмеге бир гана анын баласы жазылганын, башка каалоочулар болбогонун билдирди. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG